Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:27

Эл өкүлдөр жыйыны быйылкы бюджетке өзгөртүү киргизди


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны өлкөнүн быйылкы жыл үчүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, өкмөттүн сунушун колдоду. Каржы министри Болот Абилдаевдин айтымында, быйылкы жыл үчүн бюджеттин тартыштыгы мыйзамда 736 миллион сом деп жазылса, азыр реалдуу тартыштык 822 миллион сомго жетти. Бул ириде күтүүсүз кырдаалдарга каражаттын арбын бөлүнүшүнө байланыштуу болууда. Маселен, өкмөт бюджетте каралган 20 миллион сомдун ордуна буга чейин 28 миллион сом бөлдү. Жыл этегине чейин дагы 70-80 миллион сом ажыратууну көздөп жатат. Бирок бул тармакка жалпысынан 300 миллион сом талап кылынууда. Ушуга байланыштуу өкмөт бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушу менен кайрылган.

XS
SM
MD
LG