Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:49

Депутат аткаруу бийлигин катуу сынга алды


БИШКЕК. «Кыргызстанда мамлекеттин менчигин эч ким коргой албайт жатат жана эч ким мыйзам алдында да жооп бербейт». Мындай билдирүүнү бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин башчысы Валерий Дил Эл өкүлдөр жыйынынын жыйырманчы сессиясы учурунда жасады. Анын айтымында, мындан бир нече күн илгери «Түндүк электр» ишканасынын жетекчилиги айрым жогорку бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен Аксуудагы жүгөрү иштетүүчү заводдогу май чыгаруучу чакан ишкананы жана тепловозду Казакстандык атуулдарга арзан баада сатып жиберген. Ошондой эле Валерий Дил аталган заводдун мыйзамсыз сатылышын иликтөөгө жасаган аракети үчүн бийлик органдары тарабынан текшерүүгө алынып, кысымга дуушар болуп жаткандыгын билдирди.
Буга байланыштуу айрым депуттардын демилгеси менен куугунтукка алынган депутаттарды коргоо Эл өкүлдөр жыйынын тиешелүү комитетине тапшырылды.

XS
SM
MD
LG