Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАКШЫРТУУ МАКСАТЫНДА TҮЗҮЛГӨН ДОЛБООР АЯГЫНА ЧЫКТЫ


Өкмөт менен Азия өнүгүү банкы тарабынан Кыргызстандагы билим берүү системасын жакшыртуу максатында 1998-жылы түзүлгөн долбоор аягына чыкты. Азия өнүгүү банкы анын ишке ашуусу үчүн 13 миллин доллардан ашуун каражат бөлгөн. Бүгүн билим берүү министрлигинин өкүлдөрү долбоордун негизинде жасалган иштер тууралуу журналисттерге маалымат беришти.

Долбоордун негизги максаты жалпы билим берүүчү мектептердин адистик деңгээлин өнүктүрүү болуп саналат. Анын ичинде мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу, окуу китептеринин сапатын көтөрүү жана мугалимдердин билимин жогорулатууга өзгөчө басым жасалган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Азия өнүгүү банкы тарабынан 13,3 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Билим берүү министринин орун басары Анатолий Иванниковдун айтуусу боюнча, берилген акча толугу менен максаттуу иштерге жумшалган:

- Долбоорго бөлүнгөн каражат тыйынына чейин билим берүү системасын жакшыртуу максаты үчүн гана жумшалды деп айта алам. Анткени Азия өнүгүү банкы тарабынан бир нече жолу текшерүүлөр болуп, аткарылган иштерге жалаң жогору баалар берилди

Долбоордун жардамы менен беш жыл ичинде 42 орто мектеп толук түрдө оңдоодон өтүп, 150 орто мектептин жылытуучу системалары кайрадан жасалган. Мындан тышкары мектептерге заманбап парта–стулдар, мебелдер берилип, лингвистикалык класстар телевизор, магнитофон жана башка керектүү техникалар менен жабдылган. Ошондой эле 100дөн ашуун аталыштагы окуу китептери жазылып, үч жарым миллионго жакын нускада жарык көргөн.

Билим берүү министринин 1-орун басары Гайша Ибрагимованын сөзү боюнча орус, өзбек, тажик жана башка тилдерде окуу жүргүзүлгөн мектептерде да окуу китептери боюнча маселе чечилип жатат. Буга чейин Кыргызстандагы орус, өзбек мектептеринин окуучулары Орусиядан жана Өзбекстандан чыгарылган окуу китептери менен окуп келишкен. Алар албетте өз мамлекетинин идеологияcына сугарылган китептер болчу:

- Бизге Кыргызстандын идеологиясы жана философиясы менен жазылган, окутуу ыкмалары жана стандарттары өзүбүзгө туура келген окуу китептери керек. Ошондуктан азыр ушул маселенин үстүндө да иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Кандай тилде окуу жүргүзүлгөн мектеп болсо да, балдарды Кыргызстандан чыккан китептер менен окутуубуз зарыл.

Долбоордун дагы бир максаты - мугалимдердин интеллектуалдык жана адистик деңгээлин жогорулатуу. Беш жыл ичинде 7000 мугалим көрүнүктүү жогорку окуу жайларында билим деңгээлин өркүндөтүүчү атайын курстарда окушкан. Акыркы убактарда мектептердеги кадрлардын жетишпестигинен мугалимдердин да билим деңгээли төмөндөп жатат. Мындай акыбалдан чыгуу үчүн билим берүү министрлиги атайын программанын үстүндө иштеп жаткандыгын билим берүү министринин 1-орун басары Гайша Ибрагимова айтып кетти. Анын сөзү боюнча бул программа жакынкы күндөрдө аягына чыгып, быйылкы жаңы окуу жылында ишке ашырылуусу күтүлүүдө.

Жалпы билим берүүчү мектептердин деңгээлин жогорулатуу максатында түзүлгөн долбоордун негизинде 106 мектепке компьютер коюлган. Бирок бүгүнкү күндө алыскы айылдардагы мектептерде компьютерлер жок. Бар болсо да окутуучу адистин жоктугунан компьютер класстары иштебей, жабылып тургандыктары жашыруун эмес. Бул маселени чечүү үчүн билим берүү министрлиги кандай аракеттерди көрүп жаткандыгы тууралуу суроо менен аталган министрликтин илимий улук кызматкери Кенжекан Усуповага кайрылдык:

-Долбоордун жардамы менен алыскы айылдардагы мектептер да компьютерлер менен камсыздылган. Бирок адистердин жетишсиздигинен айрым жерлерде иштебей атканы чындык. Азыр билим берүү министрлиги бул маселенин үстүндө иш жүргүзүп жатат. Кадрларды жеткирүү маселеси менен бирге бул көйгөй да чечилип калуусу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG