Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Эл аралык миграция уюму 15 машина берди


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Информациялык технологиялар жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке Эл аралык миграция уюмунун 15 машинасын тапшырды. Анда айтылган маалыматка караганда, машиналар улуттук документтерди ташуу кызматына колдонулат.

Машиналар өлкөнүн паспорт системасын жакшыртуу боюнча Эл аралык миграция уюму менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда өткөн жылы кол коюлган меморандумдун алкагында берилди. Меморандум болсо «Борбор Азия менен Казакстандын чегара көзөмөлүн жана иммиграциялык инспекциясын бекемдөө» аттуу регионалдык долбоордун бир бөлүгү катары кабылданган.
АКШнын мамлекеттик департаменти каржылаган бул долбоордун каражаты 1 миллиард 600 миң долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG