Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:55

Ирактын өкмөтү коопсуздук боюнча жаңы мыйзамын жарыялады


Мыйзам өлкөдөгү куралдуу козголоңду тизгиндөөгө багытталган. Убактылуу өкмөттүн башчысы Ияд Алави кол койгон мыйзам бийликтерге чукул кырдаал жана коменданттык саат жарыялап, согуштук абал киргизүүгө, саясий партияларга тыюу салууга, каттарды ачып окууга, телефонду тыңшоого, демонстрацияларга тыюу салууга жана чет элдиктердин кыймыл-аракетин чектөөгө укук берет.

Багдаддын тургуну Худа Яссим жаңы мыйзамга карата төмөнкүдөй көз карашын билдирди:

Көчөдө кыймылды чектешпесин, ошондо мен жаңы чукул мыйзамды колдойм. Коопсуздук кризисин жөндөш үчүн жаңы өкмөт ушундай чечкиндүү чара көрүшү керек.

Ички иштер министри Малик Дохан ал-Хассан жаңы мыйзам айрым эркиндиктерди чектеши мүмкүн экендигин моюнга алды, ошол эле убакта анда бир нече кепилдиктер бар экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG