Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

ПРООНдун ШАЙЛОО СИСТЕМАСЫ БОЮНЧА ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ


7-июль күнү Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын (ПРООН) «Кыргызстандагы шайлоо процессин уюштуруу жана өткөрүүдө улуттук мүмкүнчүлүктү күчөтүү» деген долбоору талкууланды. Ага мамлекеттик органдардын, саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тартып жергиликтүү кеңештерге шайлоо башталат. Ал эми кийинки жылы парламенттик жана президенттик шайлоо болору белгилүү. БУУнун өнүгүү программасы «шайлоо процессин уюштуруу жана өткөрүүдө улуттук мүмкүнчүлүктү күчөтүү» деп аталган долбоорун бүгүн коомчулуктун талкуусуна сунуштады.

Долбоор боюнча Кыргызстандагы шайлоо системасын реформалоого 1 081 900 АКШ доллары керектелмекчи жана аны ПРООН бөлүп бермек. ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратовичтин айтымында, долбоордун максаты ачык жана адилет шайлоо өткөрүүнү гана көздөйт.

Ал эми ПРООНдун программаларынын жетекчиси Александр Кашкаревдун сөзү боюнча, бөлүнүүчү акчанын 320 000 доллары Борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларынын ишин жакшыртууга жумшалат. Анын ичинде техникалык жактан жабдуу, комиссия мүчөлөрүнө акы төлөө жана алардын укуктук, адистик деңгээлин жогорулатууга каралган. Калган 761 900 доллар БШКнын шайлоочулар менен иш алып баруусуна арналган. Мунун ичинде Шайлоо кодексин кайрадан чыгаруу жана элге таркатуу, шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жургүзүү сыяктуу максаттар бар.

Мындан тышкары ПРООНдун шериктештери ЮСАИД жана ОБСЕ тарабынан да шайлоонун адилет өтүүсүнө колдоолор болот.

Талкуу учурунда атуулдук коомдун өкүлдөрү тарабынан БШКга ишенбестик көрсөтүлүп, кандай реформа жүргүзүлбөсүн баары бир шайлоонун жыйынтыгы бийлик каалагандай гана болору айтылды. «Интербилим» коомдук фондунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын айтуусунда долбоор өз убагынан кечигип калган:

- Курамына 33% мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 33% «Алга, Кыргызстан» сыяктуу партиялардын кишилери , 33% гана атуулдук коомдун өкүлдөрү кирген шайлоо комиссиялары эчак эле түзүлүп калган. Эмнегедир жаңы Шайлоо кодексинде деле борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы да бийликтен көз каранды.

Асия Сасыкбаевага пикирлеш ойду "МСН" гезитинин редактору Рина Приживойт да билдирди:

- Борбордук шайлоо комиссиясына кандай жардам берип, канча каражат сарптап, өзгөртүүгө аракет жасаба ал баары бир мурдагыдай эле бийликтин көзүн карап кала берет. Ал эми калган төмөнкү шайлоо комиссиялары анын айтканы менен болот. Бизде шайлоо, референдум жана башка кампаниялар шайлоочулардын 100%дан ашуун катышуусу менен бийликтин пайдасына гана чечилет. Участкалык шайлоо комиссиялары тышкы жана ички миграцияда жүргөн элди да 100-115% шайлоого, референдумга сөзсүз түрдө «катыштырышат». Мындай көз боёмочулук баштагы шайлоолордон эле белгилүү болгон. Муну эл аралык, чет элдик жана атуулдук коомдон шайлоолорго байкоочу болгон адамдар айтып эле келе жатышат.

«Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев шайлоонун алдында өздөрү келип катталышкан адамдар гана шайлоого катышса адилеттүү болмок деген оюн айтты. Ал шайлоо участокторуна шайлоо кутучасынан экөөнү коюу керек деген сунушун билдирди:

- Шайлоо участокторунда комиссия үчүн өзүнчө, байкоочулар үчүн өзүнчө кутуча коюлса жакшы болмок. Комиссияга тиешелүү кутучага бюллетендин өзүн, ал эми байкоочулардын кутучасына бюллетендин тийиштүү бир четин жыртып салса, кийин эсептегенде айырмасы билинмек.

Талкуунун аягында сүйлөгөн БШК төрагасы Сулайман Иманбаев шайлоонун ачык жана адилет өтөрүн баса белгиледи:

- Шайлоолор бизде дайыма адилет өткөрүлүп келатат. Ишенбегендер келип, Борбордук шайлоо комиссиясынын иштөө программасы менен таанышып кетсе болот. Участкалык шайлоо комиссиясынан келген протоколдорду эч ким өзгөртө албайт. Кеп мында эмес, участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө пара берүү жана башкалар бар. Таптакыр таза дегенден алыс эмесмин. Биз мындайларды болтурбоого аракет кылабыз.

Сулайман Иманбаев шайлоо жалаң гана эл аралык уюмдардын каражаты менен өткөрүлбөй тургандыгын да айтып кетти. Атайын мыйзамдын негизинде мамлекеттик бюджеттен жергиликтүү кеңештерге шайлоо үчүн 22 млн сом, ал эми облустук жана Жогорку кеңештерге шайлоолорго 63 млн сом бөлүнгөн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG