Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Дүйнөдө ВИЧ-инфекциясына чалдыккан аялдардын саны көбөйүүдө


Бангкок. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматтары боюнча соңку жылдарда дүйнөдө ВИЧ-инфекциясына чалдыккан аялдардын саны кескин түрдө жогорулоодо. Улуттар Уюмунун аялдар маселелери боюнча башкармалыгынан маалымдалгандай, мындай жагдай көпчүлүк өлкөлөрдөгү жакырчылыкка байланыштуу болуп жатат.

Эгерде 1985-жылы ВИЧ-инфекциясы менен ооругандардын жалпы санынын 35 пайызын аялдар түзсө, акыркы маалыматтар боюнча бул көрсөткүч 48 пайызды түзөт. Бул маселе боюнча толук баяндама Бангкокто ушул жекшембиде өтө турган СПИДге каршы күрөшүү боюнча 15-эл аралык конференцияда жасалат. Ал эми Борбор Азия аймагында учурда 90 миң ВИЧ-инфекциясына кабылган адам жашайт. Адистердин айтымында, эгерде тиешелүү чаралар көрүлбөсө, аймакта кийинки эле жылы ВИЧ-инфекциясына чалдыккандардын саны 1 млн. 650 миң адамга жетет.

XS
SM
MD
LG