Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

Энергетика тармактын абалын Орусиялык адистер баалашы мүмкүн


БИШКЕК. Кыргызстандын энергетика тармагынын абалын Орусиялык адистер келип, көз карандысыз экспертизадан өткөрүшү мүмкүн. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жайды өнүктүрүүнүн стратегиясы жана ишкерлик маселелери боюнча комитетинин эксперти Андрей Филатовдон алынды. Анын билдирүүсү боюнча,Эл өкүлдөр жыйыны мындай чечимди 20-сессияда кабыл алган токтомго киргизип,өкмөткө сунуштаган. Палата депутаттарынын пикири боюнча Кыргызстандын энергетика тармагындагы жабдуулардын абалын тез арада көз карандысыз экспертизадан өткөрүп, андан кийин чукул аракеттерди көрүү зарыл. Ал эми премьер-министр аппаратынын отун-энергетика тармак боюнча бөлүмүнүн башчысы Азимбек Жолошев палатанын сунушу азыр иликтенип жаткандыгын, бирок, орусиялык адистерди чакырууга каражаттын жоктугун билдирди.

XS
SM
MD
LG