Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

“Бирдиктүү Орусиянын” Чеченстандагы жетекчиси өлтүрүлдү


Ножай-Юрта районунда өкмөттүк куралдуу күчтөр менен согушчандар ортосундагы атышууда 7 орус аскери набыт болуп, бешөө жарадар болду. Ал эми согушчан тараптан он үчү окко учкан. Шалу районунун Герменчук кыштагында да атышуу болду. Милициянын бир кызматкери окко учуп, дагы бири жарадар болду.

Ал эми Шалинин борборунда Владимир Путин менен пикирлеш "Бирдиктүү Россия" партиясынын жергиликтүү башчысы Тамара Хажиева өлтүрүлдү. Белгисиз бирөөлөр анын үйүнө кирип барып, ок жаадырышкан.

XS
SM
MD
LG