Пакистан 90-жылдары Түндүк Кореядан алыс мерчемдүү ракеталарды жасаганга жабдык сатып алып жүргөн. Бул тууралуу Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхутто Жапониянын Асаши Шимбуг басылмасына берген маегинде билдирди. Беназир Бхутто анын өкмөтү Пхеньянга өзөктүк технологияларды берген деген маалыматты четке какты. Пакистандын өзөктүк курал боюнча эксперти жең ичинен Түндүк Корея, Иран жана Ливияга өзөктүк курал жаатындагы сырларды сатканы февраль айында коомчулукка дайын болгон. Бирок Түндүк Кореянын бийлиги бул сатууга тиешеси жоктугун тастыктоодо.