НАТОнун аскерий комитетинин төрагасы генерал Гералд Кужат Косово провинциясындагы жоокерлердин саны азайтылбасын жана Косово НАТО өзгөчө көңүл бөлгөн аймак экенин билдирди. Генерал ошондой эле “альянс жыл башында болгондой кандуу калабанын кайталанышына жол бербейт” деди. Жергиликтүү албандар менен сербдер арасында жыл башында болгон кагылышта 19 адамдын өмүрү кыйылган.
Серб өкмөтү Косово провинциясынын түштүк ныптасында кырдаал осолдоп баратканын билдирди.
Ички иштер министри Драган Йочичтин сөзүнө караганда, полиция албандар көбүрөөк жашаган аймактарда “бир нече террорчу топтун” бар экенин аныктаган.
Жекшемби күнү Консулж кыштагынын жанында куралчан адамдар бир нече машинеге буктурмадан кол салышканда, бир албан аял оор жарадар болгон.
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Консулждагы калабаны айыптады.