БИШКЕК. «Кыргызалтын» акционердик коомунун башчысы болуп жаңы дайындалган вице-премьер-министр Уларбек Матеев бүгүн журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда вице-премьер-министрлик кызматын өткөрүп берерин билдирди. Матеевдин айтымында, ал «Кыргызалтын» акционердик коомунун чыгымдарын азайтуу жана кирешенин көлөмүн көбөйтүү багытында иш жүргүзүүнү максат кылууда.
«Кыргызалтын» ишканасы учурда алтын иштеткен 14 кендин лицензиясына ээлик кылат. Алардын бири – жаңы реструктуризацияланган «Кумтөр» ишканасы.
Маалымат жыйынында Уларбек Матеев ишканага байланыштуу Жогорку Кеңештин акыркы токтому тууралуу пикир айтуу азырынча ылайыксыз деп эсептеди. Мыйзам чыгаруу жыйыны "Кумтөр голд" компаниясын «Центерре голд» деп кайра түзүүгө байланыштуу өкмөт менен «Камеко» корпорациясынын макулдашуусун мыйзамсыз деп эсептеп, аны жокко чыгаруу тууралуу июнь айынын этегинде токтом кабыл алган.