Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Россия Американы энергетика тармагындагы орток кызматташууну өнүктүрүүгө чакырды


МОСКВА. Россиянын президенти Владимир Путин АКШ менен Россиянын газ жана мунай долбоорлору боюнча кызматташуусун өрчүтүүгө чакырды. Бул жөнүндө Путин АКШнын КоноФилипс аттуу мунай компаниясынын башчысы Джеймс Мулва менен Москвада жолугушуу учурунда билдирди. Мулва өз сөзүндө эки өлкөнүн энергетика тармактары мындай кызматашуу аркылуу өзүлөрүнүн эле кызыкчылыктарын көздөбөстөн, башка өлкөлөрдүн жана жалпы эле Европанын мүдөөлөрүн канааттандыра турганына үмүтүн билдирди. Жолугушуу Россиянын ЮКОС мунай компаниясынын айланасындагы окуяларга эл арлык коомчулуктагы тынчсыздануу күчөп турган кезде өткөрүлүп отурат. Россиянын ЮКОС мунай алпы банкрот болуу коркунучунун алдында турат.

XS
SM
MD
LG