Иордандын батыш жээгинде кечээ Израилдин аскерлери куралданган алты палестинди өлтүрүштү. Маалыматтарга караганда, алар “Ал-аксы азапчылары” террористтик тобунун мүчөлөрү болушкан. Ушул эле күнү Газа секторундагы Бейтх-Ханун айылында да израилдик аскерлер менен палестиндердин ортосунда кагылышуулар орун алып, бир адам жарадар болду. Ал эми Газа секторунда палестиндер тарабынан жөөт айылы аткыланып, натыйжада кеминде төрт адам жараат алды.