Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Европанын түштүгүндө токойлор өрттөнүп жатат


Кечээ Европанын түштүгүндө бир нече жерде ири токойлор өрттөндү. Франциянын Марсель аймагындагы токойлордо чыккан өрт 2,5 миң гектар жерди камтыды. Анын натыйжасында 2 миң адам эвакуацияланды. Өрт кечинде гана өчүрүлдү. Франциянын бийлик өкүлдөрү өрт атайын жасалды деген пикирлерди да айтууда. Португалияда болсо Лиссабондон түштүккө карай, тоолордогу токой аймактары өрткө учурады. Атлантика жээктеринде эс алып жаткан жүздөгөн адамдар тездик менен эвакуацияланды.

XS
SM
MD
LG