Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Бишкекте республикалык кеңешме өтөт


Бишкек. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жарым жылдык жыйынтыгына арналган республикалык кеңешме болот. Ага өкмөт мүчөлөрү, облус губернаторлору жана акимдер катышат.
Республикалык кеңешмеде социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы деп жарыяланган быйылкы жылдын жарымында жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылат. Экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү тууралуу премьер-министр Николай Танаев маалымат берип, социалдык мобилизациялоо багытында жасалган иштер жөнүндө мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов доклад жасайт. Президенттик администрациянын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Тынымбек Ормонбековдун баамында, мындай иш-чара өлкө калкынын өз турмушун жакшыртуу аракетин күчөтүүгө өбөлгө болот. Анткени, эл экономикалык өнүгүүнүн туткасы өз колунда экендигин түшүнүп калды:

- Биз эл багытты түшүнбөйт деген ойдобуз, бирок эл негизги багытты жакшы түшүнөт. Ушундан улам элдин маанайы жакшы. Азыр эл мындан эки же беш жыл мурункуга салыштырмалуу таптакыр башка. Анткени, мурда ишке ашырылган социалдык камсыздоо, андан кийинки социалдык коргоо программаларына салыштырмалуу азыркы социалдык мобилизациялоо багытынын айырмачылыгын жакшы түшүнүп калышты. Эл түшүнгөн үчүн алга жылуу болууда. Эл түшүнбөсө илгерилөө болмок эмес.

Тынымбек Ормонбековдун айтымында, кеңешмеге катышкан облус губернаторлору, акимдер менен айыл өкмөт башчылары жарыш сөзгө чыгып, өз сунуш-пикирлерин ортого салышат. Алардын оюн президент Аскар Акаев жыйынтыктап, экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болчу багыттар менен алдыдагы милдеттерди белгилейт.

Таңкы эл аралык жаңылыктарды Прага шаарынан Азиза Турдуева даярдады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG