Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Ирандын соту өкмөт сот ишине кийлигишүүгө укугу жок деп билдирди


Тегеран. Диний консерваторлордун көзөмөлүндөгү Иран соту канадалык журналист Захра Каземинин өлүмүнө байланыштуу сот ишине өкмөттүн кийлигишүүгө укугу жок деп билдирди. Буга чейин Иран өкмөтү канадалык журналистти өлтүргөн кылмышкерлерди табууга көмөктөшө тургандыгы жөнүндө маалымдаган. Ирандын соту өткөн ишембиде Захра Каземини өлтүргөн деп күнөөлөнгөн өлкөнүн коопсуздук кызматынын кызматкерин актаган чечимин чыгарган.

Оттава канадалык журналисттин өлүмүнө байланыштуу сот ишинин адилетсиз каралышына нааразылык билдирип, Тегерандагы элчисин чакырып алган. Иранда төрөлгөн Канададынын атуулу Захра Каземи өткөн жылы Тегерандын түрмөсүн сыртынан сүрөткө алып жаткан жеринен камакка алынган. Андан көп өтпөй эле, мээсине кан куюлуп каза болгон.

XS
SM
MD
LG