Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Ош облусунда “көгүлтүр отту” уурдагандар көбөйдү


БИШКЕК. Жарым жыл аралыгында Ош облусунда “көгүлтүр отту” уурдоо өткөн жылга салыштырмалуу 28,5% өскөн. Анын кесепетинен газ кызматы 16 млн. сомдук чыгым тарткан. Өткөн жылы "облуста “көгүлтүр от” эсепсиз көп сарпталууга жол берилген, чыгымдарды азайтууга иш чаралар көрүлгөн эмес" деген негизде Ош облусунун газ кызматынын башкармалыгынын башчысы Доврон Сабиров “Кыргызгаздын” жетекчилигинен эки жолу сөгүш алган. Мындай маалыматты бүгүн “Кыргызгаздын” басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын маалыматында, “Баткенгаз”,”Жалалабадгаз”, “Чүй" жана "Бишкек” газ кызматтары жаратылыш газынын чыгымдарын азайтуу багытында иш чараларды көргөнү менен жарым жылдын ичинде газ уурдаган 200 ашуун факт кездешкен.

XS
SM
MD
LG