Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Өкмөт чегара маселесине көңүл бурду


БИШКЕК. 2010-жылга чейин 111 чегара бекеттерин, бери дегенде 88 көзөмөл пунктары орнотулушу керек. Буга байланышштуу чегара кызматынын техникалык базасын чыңдоо зарыл. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн кезектеги жыйынында айтылды. Ошондой эле жыйында, чегара кызматын өнүктүрүү программасы кабыл алынып, август айында өтүүчү коопсуздук кеңешинин кароосунда бекитилиши күтүлүүдө.

Ал эми жыйында айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытындагы иш-чаралардын аткарылышы тууралуу маселе каралып, жашылча-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү, кичи жана орто ишкерликти өнүктүрүү жана айыл чарба финансылык корпорациясынын иштери каралды.

Айыл, суу чарба министри Александр Костюктун айтымында, кант кызылчасы менен соя өстүрүү программасын ишке ашырыш үчүн 250 млн. сом өлчөмүндө каражат жумшалат. Ал эми ветеринардык кызматка көңүл бөлүү менен катар мал чарбачылыгында шарп ылаңын жоюш үчүн 50 млн. сом сарпталаары айтылды.

XS
SM
MD
LG