Жолугушуулар жабык эшик артында өттү. АКШнын борбордук командасынын башчысы Жон Абизейддин маалымат катчысы Питтман мырзанын айтымында генералдын иш сапары эки өлкөнүн аскердик кызматташуусун өнүктүрүү боюнча болуп жатат:
- Борбордук Азиядагы коопсуздук, аскердик кызматташуу маселелери тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлөт. Ошондой эле Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы аскердик кызматташууну мындан ары өнүктүрүү да бул иш сапарынын негизги максаты.
Ал эми журналисттердин Ирак жана Ооганстан тууралуу берилген суроолоруна маалымат катчысы жооп берүүдөн баш тартты.
Ал эми коргоо министри Эсен Топоевдин билдиргенине караганда АКШнын борбордук командасынын башчысын Ооганстандагы бүгүнкү кырдаал көбүрөөк кызыктырат. Ал эми АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы аскердик кызматташуу боюнча түзүлгөн келишимдер жана жүргүзүлгөн иш-чаралардын баары жогорку деңгээлде аткарылды:
-Жыл сайын Кыргызстан менен АКШнын ортосунда аскердик кызматташуу боюнча келишимдер жана иш-чаралар пландары түзүлөт. 2004-жылга карата түзүлгөн иш-чаралардын баары толугу менен аткарылды деп айтууга болот. Ал эми 2005-жылга аскердик кызматташуу жаатында келишимдерди түзүү үчүн дагы чогуулап тактай турган маселелер бар. Эң маанилүү суроо - Борбордук Азиядагы аскердик-саясий кырдаал боюнча. Бул эки тарапты тең кызыктырат,-деди коргоо министри Эсен Топоев.
Ал эми чегара кызматынын төрагасы Калмурат Садиевдин журналисттерге берген маалыматы боюнча АКШнын борбордук командасынын башчысы Жон Абизейд Кыргызстандын чегара кызматынын абалына кызыкты:
-АКШнын борбордук командасынын командачысы Кыргызстандын чегара кызматына биринчи жолу келип отурат. Ошондон улам, ал чегара кызматынын маанисине, аткарган иштерине кызыкты. Биз өзүбуз тууралуу маалымат бердик.
АКШ менен Кыргызстандын чегара кызматтарынын ортосунда түзүлгөн атайын программанын негизинде «Экспортту текшерүү жана чегаранын коопсуздугу», «Аскердик долбоорлордун чет өлкөлөрдө каржыланышы» жана «Аймет» деп аталган эл аралык аскерий окутуу жана машыгуу боюнча долбоорлор иштеп жатат.
Чегара кызматынын төрагасы Калмурат Садиевдин айтуусунда, генерал Жон Абизейд бул программаларды аягына чейин колдойбуз, көп жылга чейин уланта беребиз деп ишендирген. Ошондой эле, Абизейд Кыргызстандын коопсуздугуна чет жактан шек келсе жардам берүүгө даяр экендигин айткан.
Сүрөттө: ("Азаттыктын" архивинен) Жон Абизейд Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркулов менен.