Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

АКШ мамлекеттик катчысы Пауэлл мурда жарыяланбаган сапар менен Иракка келди


АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бүгүн Багдадка келип, убактылуу президент Гази ал-Явар менен жолукту. Анын бул сапары тууралуу мурда жарыяланган эмес. Пауэллдин айтымында, Иракта болуп жаткан кыйынчылыктар жеңилет: "Мен силерди дагы бир жолу ишендире кетейин, убактылуу өкмөт менен кошо иштеп, Иракта биз эркиндик менен адам укуктарына негизделген демократия орнотобуз. Келерки апталарда бир топ кыйынчылыктар болот, бирок биз аларды жеңебиз". Ишемби күнү Иракта баштала турган улуттук конференция болсо эки аптага кийинкиге жылдырылды, анткени Бириккен Улуттар Уюму аны дагы даярдаш керек деп билдирди. Өлкөнүн бир миңге жакын саясий, диний жана башка жетекчилери катыша турган жыйын өкмөт ишине көзөмөл сала турган улуттук ассамблеяны шайлаш керек.

XS
SM
MD
LG