Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Кыргызстан коопсуздук чараларын күчөттү


БИШКЕК. Кыргыз президенти Аскар Акаевге Ташкендеги окуя тууралуу ошол эле күнү маалымат берилди. Президент аны терең кайгыруу менен кабыл алды жана жакынкы күндөрдө Өзбекстан президенттине жана элине өзүнүн атынан кат жөнөтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн тийиштүү кызматтарына коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди. Ал эми атайын кызматтар өзбек коллегаларына жардам берүүгө даярдыгын билдирген кат жөнөттү.

30-июлда Ташкендеги АКШ, Израил элчиликтеринин жанында, өлкөнүн башкы прокуратурасына кире бериш жерде жан кечтилер террордук акт жасашкан эле.

XS
SM
MD
LG