Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

АКШ фонду Кыргызстанды келерки жылы каржы берчү мамлекеттердин катарына кошту


БИШКЕК. «Миң жылдыктарга чакырыктын эсеби» («Счет Вызовов тысячелетия») аттуу америкалык фонд 2005-жылы жардам көрсөтө турган 70 мамлекеттин атын аныктады. Бул мамлекеттердин катарында Кыргызстан да бар. КМШ өлкөлөрүнөн мындан тышкары Азербайжан, Армения, Грузия, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан жана Украина да кирген. Уюмдун тараткан маалыматына караганда, каржылык жардам өнүгүүсү демократиялык стандарттарга дал келген өлкөлөргө гана берилет. Каржы алууну көздөгөн өлкө өз сунушунда өнүгүүнүн кайсы багыттарына басым жасап жаткандыгын белгилөө менен, жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн катышуусун да камсыздашы керек.

Мындан тышкары фондго сунушталган долбоор башка донорлорго сунушталган долбоорлорго окшобошу жана жана аларга тоскоол болбошу керек. «Миң жылдыктарга чакырык» фондунун программасына бир кишинин жылдык кирешеси 1425 доллардан ашпаган өлкөлөр гана катыша алат.

Жорж Буш баштаган АКШ администрациясы 2006-жылы чет өлкөлүк жардамды 5 миллиард долларга көбөйтүүнү көздөп жатат. Ал эми келерки жылга бул максат үчүн АКШ Конгресси 1 миллиард доллар бөлгөн. Бул тууралуу «АКИпресс» агенттиги жазды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG