Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

"Эркиндиктин" символуна эл бара баштады


АКШнын улуттук символуна айланган "Эркиндик" эстелиги 2001-жылкы 11-сентябрдагы теракттардан кийин башталган коопсуздукту бекемдөө иштери аяктап, бүгүндөн тарта туристтер үчүн кайрадан ачылды. Нью-Йорктун чет жагындагы чакан аралда жайгашкан эстеликтин кайрадан ачылышына байланыштуу өткөн жыйында "Эркиндик" аралынын коопсуздугу боюнча секретардын орун басары Ларри Паркинсон буларга токтолду:

- Биздин коопсуздук чараларын орду менен колдонууга укугубуз бар деп ойлойм. Нью-Йорктогу өнөктөштөр, өкмөт жетекчилери менен бирге "Эркиндик" аралынын бейпилдигин коргоо аракеттерин жасадык. Эми кооптонбой алдыга жыла берсек болот.

Жаңы эрежелерге ылайык, "Эркиндик" эстелигин көргүсү келгендер адегенде атайын кемеге түшөөрдө жана бийиктиги 93 метрлик айкелге чыгаарда кош текшерүүдөн өтүшөт.

Дүйнөлүк кечки жаңылыктарды Прагадан Венера Жуматаева даярдады.

XS
SM
MD
LG