Дели шаарында бүгүн Индия менен Пакистан ортосунда маданий жана спорт байланыштарын кеңейтүү боюнча эки күндүк жолугушуу аяктайт. Өзөктүк куралга ээ эки кошуна өлкө ортосундагы мамилелер татаал жана 1947-жылы эгемендикке жеткенден бери Кашмир дубаны үчүн Индия менен Пакистан бир нече жолу согушкан.