Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Көчкү алдында калган альпинисттерди издөө улантылууда


БИШКЕК. Ыссыккөл обласынын Аксуу районунун аймагындагы Хантеңири тоо чокусунда кар көчкү алдында калган чет элдик альпинисттерди издөө уланууда. Кырсык болгон жерде орусиядан келген он төрт жана жергиликтүү куткаруучулар иш алып барышууда. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министринин маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган министрликтин маалымат кызмат жетекчиси Эмил Акматовдун айтымында, беш альпинистин кар көчкүнүн алдында калып каза болгондугу аныкталып, алардын үчөөнүн сөөгү Каракол шаарына жеткирилди. Учурда дайынсыз жоголгон дагы алты альпинисти издөө улантылууда.
Бешинчи августа 50 жакын альпинист Хантеңири тоо чокусуна чыгууга багыт алган. Кар көчкүдөн азырынча баш аягы он бир адам каза болгондугу кабарланууда.

XS
SM
MD
LG