Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

ПРЕЗИДЕНТ РАХМОНОВ САЯСЫЙ АТААНДАШТАРДЫН “КӨЗҮН ТАЗАЛАЙ БАШТАДЫ”


Тажикстанда бийликтин таразасы президент Эмомали Рахмонов тарапка ооду. Куляб тобунун Рахмоновдун өзүнө айбат көрсөтчү таасирлүү мүчөсү, өлкөнүн Маң аткезчилигин көзөмөлдөө агенттигинин башчысы, генерал-лейтенант Гафур Мирзоевдин камакка алынышын талдоочулар ушундай баалашты. Мирзоев 1992-97-жылдардагы жарандык согуш кезинде Рахмоновду бийликке алып келген “Элдик майдан” тарабында согушкан. Ал эми жыл башына чейин Президенттик гвардияны жетектеген.

Генерал-лейтенант Гафур Мирзоев 6-август күнү камакка алынганга чейин, ал көпчүлүк эл үчүн бийликке кызмат кылуунун мыкты үлгүсү эле. Президенттик гвардиянын мурдакы командачысына азыр мыйзамсыз курал сактады, мамлекеттик мүлктү заңсыз менчиктештирип алды, бийлик укугун чеки пайдаланды, салык төлөбөдү, адам өлтүрдү деген сыяктуу күнөөлөр коюлууда.

Арйым талдоочулар Мирзоевдин камалуусуна анын саясый дымагы себеп болду деп санашат. Тажикстандын башкы прокурору Бабажан Бабаханов генерал-лейтенант камалгандан кийинки маалымат жыйынында: “Мирзоев 2007-жылкы президенттик шайлоого катышууну мерчемдеп жаткан жок беле?” деген суроого, түз жооп кайтарбады:

- Сиз эмне деп ойлойсуз? “Рузи нау”, “Нури –и Сухан”, “Чароги Руз”, “Бизнес и политика” гезиттери күнүгө эмне тууралуу кеп салууда? Анын кандайдыр бир максаты болсо керек. Аны мезгил көрсөтөт.

Айрым маалыматтарга караганда, Гафур Мирзоевге коюлган күнөөлөр ырасталса, ал бери дегенде 15 жылга кесилет.

Борбор Азия боюнча адистешкен россиялык журналист Виктория Панфилова “капчыгы калың” Мирзоев келерки шайлоодо президент Рахмонов менен жүгөн талашуусу мүмкүн болгондуктан , анын камалышына “таң калбаш керек” экенин айтат:

- Президенттин өзүнө атаандаш болчу кубаттуу жана абройлуу инсандарды оюндан чыгаруусу постсоветтик өлкөлөрдөгү бийлик үчүн күрөштүн логикасына толук сыят. Г. Алиевдин, Э. Шеварднадзенин жана Р. Кочеряндын өздөрүнө бийликке келүүгө жардамдашкан күчтүү фигураларды сүрүп салышканы буга далил. Алар атаандаш болчу адамдарды түртүп салышты. Бул жагынан президент Рахмонов алардан айрымаланбайт.

Быйыл январдан бери Маң заттарына каршы күрөшүү кызматын жетектеп жүргөн Мирзоевдин камалуусу ал бир жылдары жоо туткан Биргелешкен тажик оппозициясын ойдолоктотууда. Себеби, буга дейре өкмөтчүл даражалуу чиновник кызматтан четтетилгенде, артынан оппозициянын өкүлү бийликтен алыстатылчу. Гафур Мирзоев Президенттик гвардиянын командирлигинен саясый жактан маанисиз агенттиктин башчылыгына жылдырылгандан көп узабай, оппозициянын ана башы Махмудрузи Искандаров мамлекеттик электр компаниясынын төрагалыгынан алынган.

1997-жылкы Элдешүү келишимине ылайык, оппозицияга өкмөттөгү орундардын 30 проценти берилген. 2000-жылкы парламенттик шайлоодон кийин оппозициянын үлүшү азайтылган. Бирок, алардын өкүлдөрү өз орундарын мурдакыдай эле сактап калышкан.

Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Саид Абдулло Нури генерал-лейтенант Мирзоев бийликке ымалаш экенине сыймыктанып жүргөнүн айтып, андай бараандуу инсандын кызматтан алынуусу башкалардын “түн уйкуларын бузду” дейт:

- Өкмөт бийликке чоң кызмат өтөгөн адамды- муну эч ким тана албайт- камакка алганда, ал адам жеңил эле жөндөлчү иш үчүн камакка алынып жатса, оппозициянын лашкер башчыларынын ар бири өзүн анын ордунда элестетип көрөрү турган иш.

Байкоочулар эмки кезек Куляб тобунун дагы бир мыкчыгери, Дүйшөмбү шаарынын мэри, парламенттин Жогорку палатасынын төрагасы Мухаммадсайид Убайдуллаевге жетиши ыктымал деп жоромолдошот.

Убайдуллаевди жергиликтүү талдоочулар 2007-жылкы шайлоодо президенттикке күчтүү талапкер болот, өлкөдөгү “өтө күчтүү саясатчы” дешип, акыркы жылдары үзбөй айтып жүрүшөт. Мирзоев болсо Убайдуллаевди колдогонун жашырчу эмес.

XS
SM
MD
LG