Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Талас облусунун мугалимдери өкмөт башчысына жана кыргыз Акыйкатчысына кайрылуу жолдошту


ТАЛАС. Кайрылуу катта Талас облусунун жана райондордун бийлик өкүлдөрү билим берүү кызматкерлерин өкмөттүк газеталарга экинчи жарым жылдык үчүн мажбурлап жаздырууну токтотмоктүгүл, тескерисинче мелдешке айландырып алышкандыгына нааразычылык айтылат жана алардын адамдык укуктары тебеленип жаткандыгы жазылат. Облустун беш миңге жакын билим берүү кызматкерлеринин атынан кол коюшкан мугалимдер менен директорлор, билим берүү кызматкерлеринин райондук жана облустук профсоюздарынын жетекчилери, укук коргоочулар мындан мурда да ушул маселе боюнча облустук жетекчиликке нааразычылык билдрилгендигин айтышат. Бирок алар тараптан жооп болгон эмес. Республикага жиберилген кайрылууда мугалимдерди ушинтип басмырлап, кордой беришсе, алар август кеңешмелеринин алдында нааразычылык акциясына чыгышып, 9-сентябрда өтүүсү күтүлүп жаткан билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун пленумун үзгүлтүккө учурата тургандыгын билдиришкен. Бул тууралуу билим берүү кызматкерлеринин облустук профсоюз комитетинен 12-август күнү билдиришти.

XS
SM
MD
LG