Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Кыргызстанга Кытайдын коргоо министрлигинин расмий делегациясы келет


БИШКЕК. 13-августта Кытай Эл Республикасынын коргоо министрлигинин расмий делегациясы иш сапар менен Кыргызстанга келет. Делегацияны Кытайдын Шинжан аскерий округунун командачысынын орун басары Лю Юн жетектейт. Бул тууралуу бүгүн коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Беш күнгө созулчу бул расмий сапар Кыргызстан менен Кытайдын коргонуу тармактарынын 2004-жылга белгиленген аскерий кызматташтык планынын алкагында ишке ашат. Иш сапардын учурунда кытайлык делегация Коргоо министри Эсен Топоев, Чегара кызматынын башчысы Калмурат Садиев, Улуттук Гвардиянын командачысы Абдыгул Чотбаев менен жолугушат. Кытайлык аскерий делегациянын катышуусунда брифинг уюштурулуп, анда Борбор Азия аймагындагы аскерий-саясий кырдаал, кыргыз-кытай аскерий кызматташтыгы тууралуу сөз болот. Ланьчжоу жана Шинжан аскерий окургдарынан келишкен кытайлык жогорку чиндеги аскер кызматчылары Ысыккөлдө да болушат.

XS
SM
MD
LG