Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

«Алга Кыргызстан» курултайга кам көрүп жатат


БИШКЕК. Сентябрь айынын башында «Алга Кыргызстан» партиясы 2-курултайын өткөргөнү жатат. Анда партиянын өткөн мезгил ичинде аткарган ишинин отчету жана келерки жергиликтүү кеңештерге, парламентке жана президенттикке шайлоого даярдыктар талкууланат. Ошондой эле партиянын саясий кеңешинин курамы кайра шайланат. Бул тууралуу бүгүн партиянын өкүлү Мелис Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, партиянын саясий кеңешин анын мүчөлөрү алты ай сайын кезектешип башкарып турат. Учурда саясий кеңешти 70-гимназиянын директору, саясий кеңештин мүчөсү Татьяна Макарова башкарып жатат. Партиянын 7236 мүчөсү бар.

XS
SM
MD
LG