Грузиянын Коргонуу Министри Георгий Барамидзе Түштүк Осетияда өзүнүн автокербени аткыланганын билдирди. Министр жооп кайтарууга буйрук берген. "Осетиндер тараптан сөз жок бирөө-жарым жараат алды" деп кошумчалады Барамидзе. Түштүк Осетиядан тастыктоо боло элек.
Анын аралыгында, бул жумурияттын башка жактарында кагылышуулар болуп, бир нече грузин аскери жараат алгандыгы кабарланууда. Эки тарап ок атышууну токтотууга макулдашкан жума күндүн эртеси көзгө атаардын огунан бир грузин аскер курман болгон. Мунун алдында Орусиянын Коргонуу Министри Сергей Иванов Грузиянын "орусиялык тынчтык аскерлери Түштүк Осетияга жан тартып жатат" деген айыптоосун четке каккан.