Афинадагы мелдештердин өткөн эки күнүнүн жыйынтыгы боюнча Кытайдын 8, анын ичинде 5 алтын, 2 күмүш ,1 коло медалы бар. Экинчи орунда 4 алтын,1 күмүш, 3 коло медал менен Австралия , үчүнчүдө 4 алтын, 1 күмүш медал менен Жапония турат. АКШ азырынча 1 алтын, 4 күмүш, 3 коло медал менен жетинчи орунда. Орусия болсо 1 алтын, 3 күмүш, 2 коло менен сегизинчи орунда келе жатат. КМШ өлкөлөрүнөн Украинанын 2 алтын, 1 коло, Грузиянын 1 күмүш медалы бар.
АКШнын баскетбол боюнча курама командасынын Пуэрто - Риконун командасына утулушу баскетбол боюнча олимпиадалык мелдештердин тарыхындагы өзгөчө көрүнүш катары бааланууда. Бул баскетбол боюнча олимпиадалык мелдештердин тарыхында АКШнын командасынын болгону үчүнчү,1988-жылдан бери биринчи ирээт жеңилүүсү.
400 метрлик аралыкка сууда эркин сүзүү мелдешинде Түштүк Африка республикасынын курама командасынын жеңиши да сенсация катары эсептелүүдө. Түштүк африкалыктар дүйнөлүк жаңы рекордду жаратышты. Буга чейин бул мелдеште эң күчтүү эсептелген америкалыктар үчүнчү орун алышты. Ошентип америкалык белгилүү суучул Макл Фелпстин сууда сүзүүдөн 8 алтын медал алуу мүдөөсү орундалган жок.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага