Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:50

ИРАК: НАЖАФТАГЫ КЫРДААЛ УБАКТЫЛУУ ПАРЛАМЕНТТИ ШАЙЛООНУ КЕЧЕҢДЕТИП ЖАТАТ


Багдадда 3 күндүк конференция өз ишин улантууда. 1 миң 300дөй делегат Убактылуу улуттук ассамблеянын мүчөлөрүн шайлоого тийиш. Жыйындын ачылышы Нажаф шаарындагы куралдуу кармаштын күчөшүнө туш келип отурат. Ансыз да бул маанилүү саясий иш-чара пикир-келишпестик, талаш-тартыш менен коштолууда.

Азыркы жыйын өткөн айдын этегине пландалган. Бирок БУУ даярдык иштери үчүн кошумча убакыт сурап, ал августка калтырылган. Өлкөнүн булуң-бурчунан чогулган делегаттар саясий партиялар, өкмөттүк эмес жана диний уюмдардын, ар кандай уруулардын өкүлдөрү. Бирок радикал шийи мусулмандардын лидери Муктада Садр жана суннилердин диний жетекчилеринин башын бириктирген Мусулман динаятчылардын ассоциациясы өңдүү маанилүү уюм бул конференцияны бойкоттошту.

Дүйшөмбү күнкү сессияда танапис жарыяланаары менен залда отургандардын бири Нажаф чөлкөмүнүн администрация башчылыгын кызматтан кетирүгө үндөдү:
“Салгылашуулар кечиктирилбестен токтотулуп, өз ара сүйлөшүүлөр башталышышы керек. Нажаф шаарынын жетекчиси жана полиция башчысы отставкага кетүүгө тийиш”, - деди жыйындын катышуучусу.

Делегаттын сын пикирин Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари кыскача комментариялап, өз оюн билдирүүнү каалагандарга андай мүмкүнчүлүк берилет деп белгиледи.

Делегаттардын бир тобу убактылуу өкмөттүн башчысы Йад Алаавиге кат аркылуу кайрылыды. Садр менен диалогго барууга үндөгөн катта, Нажаф жана Ирактын башка шаарларындагы аскерий операциялар токтотулушу керек деп айтылат. Ушул эле күнү конференциянын катышуучуларынан куралган төрт кишилик делегация премьер Аллави менен жолукту. Жолугушуудан кийин өкмөт билдирүү жасады. Алдыңкы күнкү позициясынан айырмаланып, кабинеттин бул билдирүүсүндө Садрдын согушкерлерине каршы азырынча күч колдонулбайт, өкмөт диалогго барууга даяр деп белгиленет. Чөлкөмдүк иштер боюнча министр Ваел Абдул-Латифтин ырастоосунда, тирешүүнүн тынчтык жолу менен аякташы үчүн убакыт берилет.

БУУнун өкүлү, конференциянын уюштуруучуларынын бири Ибрагим Навардын пикиринде бул демократиянын белгиси. “Нажафтагы кырдаалга карата өкмөттүн турумун өзгөртүүгө жетишилди”, - деп комментариялады дипломат.

Шийилердин саясий кеңешинин мүчөсү Фалах Хасан болсо анын тобу өкмөткө кат менен кайрылганын билдирип, конференцияга катышпай турганын жарыялады:

- Өкмөт Нажафтагы аскерий операцияны токтотуга убада кылган. Иш жүзүндө болсо ыйык шаарды курчоо жана ага чабул коюуу уланууда. Элдин өкүлдөрүнө берилген жооп ушулбу? Биз конференцияга мындан ары катышуудан баш тарттык.

Ошентип, Нажафтагы окуялар конференцияда карала турган башка маселелрди арткы планга жылдырып койгонсуду. Атап айтсак, делегаттар шейшембиге чейин 100 кишилик улуттук ассамблеяны же парламентти тандоого тйииш. Тагыраак болсок, жыйында 81 мүчө шайланат. Анткени АКШ тарабынан дайындалган мурдагы Башкаруу кеңешине кирген 19 киши ассамблеяга автоматуу түрдө кирет. Бирок азырынча шайлоонун жоюолору жана жолдору да тактала элек. Жыйындын уюштуруучулары тизме аркылуу добуш берүүнү сунуш этип жатат. Мындай ыкмага саясий партияларга кирбеген делегаттар каршы чыгууда. Алардын айтымында, бул жол партияларга артыкчылык берет.

Аллавинин өкмөтүнүн чечимдерине вето коюу укугуна ээ боло турган ассамблея эмки январда өтүүчү жалпы улуттук шайлоодон кийин алмаштырылмакчы.

XS
SM
MD
LG