Чеченстан өкмөтү мурдагы президент Ахмад Кадыровго арналган музей ачуу ниетин билдирди. Ошондой эле анын туулган күнү болгон 23- августта төрөлгөн жана анын ысмы менен аталган наристелерге 10 миң рубл өлчөмүндө колдоо көрсөтүү тууралуу токтом кабыл алды. Ахмад Кадыровдун өмүрү тууралуу мамлекеттик колдоо аркылуу “Ахмад” деп аталган кинотасма тартуу да пландалып жатат. Чеченстандын мурдагы мамлекет башчысы былтыр май айындагы жардырууда набыт болгон. Адам укугун коргогон айрым эл аралык уюмдар Ахмад Кадыровду сепаратисттерди колдогон, анын саясатына каршы чыккан жүздөгөн адамдарды өлтүрткөн деп айыпташат.