Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Жалалабад облусундагы саясий партиялар жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүүдө


ЖАЛАЛАБАД. "Ата мекен" партиясынын дубандагы комитети сегиз райондук, шаардык округдук шайлоокомдордун курамына бирден өкүл сунуш кылды. Саясий уюмдун 17-августтагы жыйыны облустагы участкалык шайлоокомдордун тең жарымынын мүчөлүгүнө 42 жана үч райондогу айыл, шаар, поселкалык кеңештердин депутаттыгына талапкер 24 атамекенчинин ысымын атады. Депутаттыкка кандидаттар Ташкөмүр, Майлуусуу, Алабука райондорунан да көрсөтүлөт. "Эркин Кыргызстан" партиясы Сузак районундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 6 адамды сунуштамакчы. Бул тууралуу "Ата мекен" жана "Эрк" партияларынын жооптуу катчылары Асылбек Текебаев менен Асан Шакиров билдиришти.

XS
SM
MD
LG