Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Ирактын премьер-министри ас-Садрга акыркы эскертүү жасады


Ияд Аллави бүгүн Багдаддагы басма сөз жыйында белгиленгендей, өкмөттүн согушкерлерин куралсыздандыруу жана Нажафтагы имам Али күмбөзүнөн чыгып кетүү жөнүндөгү талапты Моктада ас- Садр жеке өзү кабылдашы абзел. Бирок ирак премьер- министри кандайдыр бир мөөнөттү так белгилеген жок, болгону маселе жакынкы аралыкта чечилиш керектигин белгилеп, өкмөт согушкерлер менен сүйлөшпөй турганын дагы бир жолу кайталады. Ал эми мурдараак Ирактын мамлекеттик министри Кассем Дауд бүгүн Нажафтага басма сөз жыйында ас-Садр жакынкы сааттарда өкмөттүн куралсыздануу жөнүндөгү талабын аткарбаса, Нажафта чабуул башталарын билдирген эле:

- Бул Ирактын өкмөтү сунуш кылып жаткан шарт. Бул соңку шарт. Эгер бул шарттар аткарылбаса, чара көрүү үчүн аскерий ыкма тандалып алынат.

Бүгүн эле Муктада ас -Садрдын жардамчысы шейх Ахмед ал-Шейбани имам өкмөттүн талабын кабыл албаганын айткан болчу.

Америкалык жана ирактык аскерлер ас-Садрдын согушкерлери менен соңку эки аптадан бери салгылашып жаткан Нажафта атышуулар менен жардыруулар бүгүн да орун алды.

XS
SM
MD
LG