Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

АКШнын Конгресс мүчөлөрүнөн турган делегация көлдө


БИШКЕК. Бүгүн Чолпонатадагы “Рух Ордо” улуттук комплексинде Мамлекет башчысы Аскар Акаев “Дженерал Моторс” компаниясынын вице-президенти Джордж Уоэллс жетектеген АКШ Конгрессинин аппарат мүчөлөрүнөн турган делегация менен жолугушту. Жолугушууда президент Кыргызстан менен АКШ кызматташтыгынын ар кыл өңүттөрүн талкуулап, карым-катыштын өнүгүшүнө жогору баа беришти. Ошондой эле Борбордук Азияда эл аралык террорчулукка каршы күрөштөгү жана чөлкөмдүн коопсуздугун сактоодогу Кыргызстандын багытын Вашингтон администрациясы жогору бааларын билдирген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти.

20 адамдан турган АКШнын делегациясы Кыргызстанга «АКШ-Азия» аттуу фондусунун программасынын алкагында мурдагүнү келген. Алар буга чейин Кытай Эл Республикасында болушкан. Улуу Жибек жолу менен сапар алган АКШнын делегациясынын сапары Стамбулду көздөй уланары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG