Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Иракта 12 непалдык барымтага алынганы тууралуу кабар иликтенип жатат


Кечээ өзүн "Ансар ас-Суннанын армиясы" деп атаган уюм Интернет аркылуу тараткан кабарда Ирактагы Иорданиялык компанияга жана америкалык аскерлерге жалданып иштеп жүргөн 12 киши туткунга түшкөнү маалымдалган. Дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн бири болгон Непал өз жарандарына Иракка саякаттап барууга, же иштөөгө тыюу салган, бирок ага карабастан көптөгөн непалдыктар Жакынкы Чыгыштын ар башка аймактарында жалданып жан багып жүргөнү маалым.

XS
SM
MD
LG