Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Норвегияда атактуу сүрөтчүнүн эмгектери уурдалды


Норвегиянын улуттук радиосу кабарлагандай, Эдвард Мунктун бир нече эмгеги, анын ичинде эң мыкты деп эсептелген "Кыйкырык" жана "Мадонна" атуу картиналарынын үлгүлөрү Ослодогу музейден куралчан адамдар тарабынан уурдалып кеткен. Картиналар уурдалганын Эдвард Мунктун музейинин кызматкерлери да ырасташты.1863-1944-жылдардын аралыгында өмүр сүргөн Эдвард Мунк өзүнүн эң мыкты эмгектеринин бир нече үлгүсүн жасаган. Маселен "Кыйкырык" картинасынын бир үлгүсү 1994-жылы Норвегиянын Улуттук галлереясынан уурдалып, бир нече айдан кийин табылган болчу.

XS
SM
MD
LG