Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

АМАНАТЧЫЛАР КӨЧӨГӨ ЧЫГЫШТЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 26-августта өкмөт үйүнүн алдында «Рентонгрупп», «Камкор» компанияларынын жана «Инсан» банкынын миңден ашуун аманатчылары нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар бир жылдан ашуун убакыттан бери акчаларын кайтарып берүүгө көмөктөшпөгөн мамлекет башчысы Аскар Акаевге нааразылыгын айтышты.

Эртең мененки саат тогуз чамалаш беш жүзгө жакын жашы улгайган атуулдар өкмөт үйүнүн күн чыгыш тарабына чогулушту. Көп өтпөй аларга туш тараптан аманатчылар чубап келип кошулушуп, саат онго жакын алардын саны миңден ашып кетти. Чогулган элдин арасынан суурулуп чыккан аттуулдар Акүйдү айланта тоскон темир тор орнотулган цементке кезек менен чыгышып, Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлиги бир жылдан бери алардын акчасын кайтарып берүүгө көмөктөшпөй жаткандыгы тууралуу сөз сүйлөштү.

Белгилей кетүүчү нерсе, нааразылык акциясынын катышуучулары буга чейин акчалары кайтарылбай жаткандыгы үчүн Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрүн айыптап келишсе, бул жолу алар бардык маселе боюнча мамлекет башчысы Аскар Акаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн айыпташып, «өлкөдө тартип орното албаган президент бийликтен кетсин» деп кыйкырып жатышты:

-Өлкөнү башкара албаган Аскар Акаев бийликтен кетсин! Бардык нерсеге күнөөлү анын үй-бүлө мүчөлөрү! Аны Акаев билет, бирок унчуга албайт!-деп кыйкырышты чогулган эл.

Бир сааттай убакытта өкмөт же президенттик админстрациядан бир да адам жолугушууга чыккан жок. Көп өтпөй чогулган эл өкмөт үйүнүн күн батыш тарабына чубап өтүштү. Ал жерде улгайган адамдарды колунда желим таяктары бар милиция кызматкерлери тосуп чыгышты. Милиция тосмосунан өтө албай калган аманатчылар биринен соң бири арыз муңдарын айтып жатышты. Өзүн Мария деп тааныштырган улгайган аял:

- Кызым каза болуп, он жаштагы неберем менен калдым. Күндөлүк жашоомду өткөрүү үчүн үйүмдү, анын ичиндеги буюмдарды, ийдиш-аяктарымды сатып банкка салган элем. Көп өтпөй мына ошол тапкан ташынганыбыздын барын уурдап кетишти, -деп кыйкырды.

Ал эми Наталья аттуу аял ушундай эле арыз-муңун айтып ыйлады:

- Мен 83 жашка чыктым. «Кокусунан көзүм жумулуп кетсе керек болот» деп акчамды банкка салдым эле. Менин ошол акчамды тартып алышты. Эми мен өлүп калсам эмне болот билбейм.

Жашы улгайып калган орус улутундагы Лилия аттуу аял болсо:

- Мен биздин президентке кайрылам. Ал жылы бою өзүнүн элинин арыз-муңун угуу үчүн жолугушууга бир да жолу чыккан жок. Кандай уяты жок адам. Ал келечекте президент болууга даярданбай эле койсун. Биз ага өз добушубузду бербейбиз. Бизге мындай президенттин кереги жок. Ага ишенбейбиз. -деди Лилия.

Ал жерде да аткаруу бийлигинде иштеген жетекчилерден эч ким жолугушууга чыккан жок. Көп өтпөй күндүн ысыгына чыдабай, улгайган адамдар 31-августа кайрадан чогула тургандыгын айтышып тарап кетишти.

Маалымат үчүн айта кетүүчү нерсе, «Рентонгрупп» компаниясынын жетекчилиги 2003-жылдын август айында белгисиз жакка качып кеткендиги маалым. Демилгелүү топтун маалыматына караганда, ишкана жетекчилиги өлкө боюнча үч миңге жакын атуулдун 250 миллиондой сом акчасын алып кеткен. Андан бери аталган компаниянын аманатчылары айына жок эле дегенде эки жолу нааразылык акциясына чыгышат. Аманачылардын талабы менен буга чейин өкмөттүк, депутаттык комиссиялар түзүлсө да андан кандайдыр бир натыйжа болгон жок. Ал эми аталган маселе Мыйзам чыгаруу жыйынынын Экономикалык саясат жана ишкерчилик комитетинде каралганда миңдеген атуулдарды алдап качып кеткен «Рентонгрупптун» жетекчиси Эдуард Пак "мамлекет башчысы Аскар Акаевдин кеңешчиси" деген документ алы,п ал эми жеке автоунаасына жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерге берилүүчү КS номерин тагып жүргөндүгү маалымдалган.

Айта кетүүчү нерсе, мамлекет башчынын дарегине айтылган жогорудагыдай пикирлер тууралуу президенттин маалымат кызматы кандайдыр бир пикир айтуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG