Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

«Алга-Кыргызстан» партиясынын областтык конференциясы өткөрүлдү


КАРАКОЛ. 27-августта Каракол шаарында «Алга-Кыргызстандын», «Биримдик жана өнүгүү» партиясынын экинчи облустук конференциясы өткөрүлдү. Конференцияда «Алга, Кыргызстан", "Биримдик жана өнүгүү" партиясынын облустук Кеңешинин төрайымы Докдургүл Кендирбаева аталган партиянын бир жылдык иши боюнча доклад жасады. Анын айтымында, бул партиянын облус боюнча 90 баштапкы уюму жана 820 мүчөсү бар. Жыйында аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Тынычбек Табалдиев, Каракол шаардык баштапкы уюмунун төрагасы Конокбек Тукешов сөз сүйлөшүп, партиянын максаты алдыдагы шайлоо тууралуу өз пикирлерин билдиришип, партиянын бир жылдык ишине баа беришти. Конференцияда жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилип, 11-сентябрда Бишкек шаарында өтүүчү аталган партиянын экинчи курултайына курамы 35 адамдан турган делегаттар шайланды.

XS
SM
MD
LG