ОШ. Адегенде президент Карасуу районуна караштуу Каттаталдык айыл өкмөтүнүн Манас кыштагынын ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү. Беш окуучунун өмүрүн кыйган жер көчкүдөн улам, 28 үй-бүлөөгө бул жерден үй салууга жер аянты берилген. Балдары каза болгон 4 үй-бүлө кайтарымсыз, 24 үй-бүлө узак мөөнөттө кайтарылчу ссуда менен үйлөрүн куруп бүтүршкөндүгүн президент зор канаттануу менен белгиледи жана элди эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Жаңы айыл тургундарынын атынан президентке ыраазычылык билдирген Сатыбек Токторов Аскар Акаевдин түбөлүк президент болушун каалагандыгын билдирди. Президент Акаев ошондой эле 34 адамдын өмүрүн кыйган жер көчкүдөн улам Алай районунун Буудайлык айыл өкмөтүндөгү Кайнамак кыштагынан көчүп келгендердин Кайнама жаңы кыштагынын ачылыш аземине барды. Өз сөзүндө ал 51 кыштак салынган бул айылды «өзүнчө эле шаарча экен» деп баалады. 12 үй кыргыз өкмөтүнүн эсебинен жакындары жан таслим болгондорго бекер курулган. Андан аркы иш сапарында президент Акаев Өзгөн районундагы Куршаб-2 кыштакчасынын, Мырзакедеги спорт комплексинин, бизнес инкубатордун, айылдык филармониянын, Жаңгактык кыштагындагы жазында мектеби кулап, окуучулар чатырда сабак окушкан Коюлбай Тиленбаев атындагы орто мектептин имаратынын ачылыш аземдеринде сөз сүйлөдү. Ошондой эле ал Ош шаарындагы Сулайман тоонун этегинде өткөн эгемендүүлүк салтанатынын күбөсү болду.