Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:23

Кытайдын парламенти ишембиде жаңы мыйзам кабыл алды


Ага ылайык, адамдын канын сатуу жана сатып алууга тыюу салынат. Бул чара СПИДдин жайылышын алдын алуу үчүн жана дартка чалдыккандарды дискриминациялоого каршы көрүлүп жатат.
Кытай бийлиги өлкөдө СПИД жана ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган 840 миңдей киши бар деп ырастап келатат. Бирок эксеперттер 90-жылдары жалгыз гана Хенан провинциясында мыйзамсыз кан сатуунун натыйжасында 1 миллионго жакын фермер бул ооруга чалдыккан дешүүдө.

XS
SM
MD
LG