БИШКЕК. Кыргызстанда 1-сентябрда билим күнү белгиленет. Ага арналган салтанаттуу жыйындар өлкөдөгү 2 миңден ашуун орто мектепте өткөрүлүп, ага ардагерлер, бийлик жетекчилери жана коомчулуктун ардактуу өкүлдөрү катышат. Бишкектин мэринин орун басары Надежда Мельничуктун билдирүүсү боюнча, быйыл борбордогу 105 орто мектептеги башкы көйгөй - кеминде 500 мугалимдин жетишпегендиги болууда. Мектептер айрыкча, математика, чет тилдери, программа түзүү жана физика сабактары боюнча сабак берген мугалимдерге муктаж. Ушундан улам бардык мектептердин мугалимдери эки мугалим аткарчу ишти аркалоого мажбур болушууда. Билим берүү департаменти жогорку окуу жайлар менен түзгөн келишимден майнап чыкпай, былтыр мектепке иштөөгө жолдомо алышкан 130 адистин 30у гана ишке орношкон.