Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Ооганстан кургакчылыктан улам чукул жардамга муктаж


БУУнун өкүлү Маноел де Алмейда Силванын бүгүн Кабулдагы басма сөз жыйында билдиргенине караганда, Ооганстанга акыркы алты жылдагы кургачылыктын кесепеттери менен күрөшүү үчүн тезинен 71,3 миллион доллар керек. Ал белгилегендей, азыркы кургакчылык Ооганстандын тарыхындагы эң узак жана эң оор болду. Ооган өкмөтү менен БУУнун биргелешкен пресс-релизинде суунун жоктугунан элдин 37%ы тойо тамак ичпей тургандыгы, өлкөнүн түштүгү менен чыгышындагы эгиндин баасы дээрлик эки эсеге кымбаттаганы айтылган. БУУ өкүлүнүн маалыматына караганда, жакында түштүк провинциялардан 3-4 миң адам суу жана азык–түлүк издеп башка жакка кеткен.

XS
SM
MD
LG