Бу тууралуу Панаманын телекомпаниясына берген интервьюсунда мамлекеттик катчы Колин Пауэлл моюнга алды. Пауэллдин айтымында, АКШ менен анын союздаштары Ирактагы экстремисттердин каршылыгын басуу үчүн бардык зарыл иштерди жасоого тийиш. Пентагондун маалыматтары боюнча, Иракта америкалыктар 975 аскерин жоготту, жети миңдей жоокери жарадар болду.