БИШКЕК. Улуттук Банк мурдагы «Кыргызкрамдс» банктын ордуна былтыр кайра түзүлгөн «Ак Банк» ачык акционердик коомунун банк операцияларын жүргүзүүгө укук берген лицензияларын кайтарып алды. Муну Улуттук банк өз талаптары «Ак Банк» тарабынан ушул жылдын июнь айынан бери аткарылбай жатышы менен негиздеди. Башкача айтканда, 20-августка карата Банктын капиталы талап кылынган 30 млн. сомдун ордуна болгону 14 656 миң сомду түзгөн. Чыгашасы өткөн жылдар үчүн 24.159 млн. сом, быйылкы жыл үчүн 17.708 млн. сом болгон. Ушуга байланыштуу Улуттук Банк «Ак Банкты» көзөмөлдөөчү өкүлдү дайындап, акционердик коомду милдеттүү түрдө жоюуга жол берүү сунушу менен Бишкектеги экономикалык маселелер боюнча райондор аралык сотко арыз жолдоду.