АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон жүрөгүнө операция жасатууга камданууда. Догдурларга ал көкүрөгү сайгылашып, деми кысылып жатканына арызданган. Экс-президенттин жубайы, сенатор Хиллари Клинтон коомчулукту тынчтандырып, буларды айтты.
- Менин күйөөмдүн акыбалы дурус. Ал мурдагыдай эле тамашалашып, карта жана башка оюндарда баарыбызды утуп алууда. Операция келерки аптада жасалмай болду, -деди Хиллари Клинтон.
58 жаштагы Билл Клинтон соңку айларды "Менин өмүрүм" аттуу китебин жазууга сарптаган. Президент Жорж Буш баштаган бир катар дүйнө лидерлери ага аман-эсен сакайып кетүү жөнүндөгү каалоо-тилектерин жолдошту.