Ооганстандын көз карандысыз Адам укугу комиссиясы коопсуздуктун жетишсиздиги жана шайлоочуларды кодулап-коркутуулар 9-октябрга мерчемделген президенттик шайлоонун адилет өтүүсүнө жолтоо кылышы мүмкүн экенин эскертти.
Комиссия жекшемби күнү жасаган билдирүүдө айрым аймактарда жергиликтүү лашкер башчылар шайлоочулардын каттоо күбөлүктөрүн тартып алышканы, кээ бир партиялар зобундуктан коркушуп, шайлоо өнөктүгүн өткөрүшпөгөнү айтылат.
АКШлык күчтөр жекшемби күнү таңга жуук Ооганстандын түштүгүндөгү Забул провинциясында талибдер деп шектелген согушчандардын жабытына жортуул жасап, эки согушчулду жок кылды. Бир согушчанды колго түшүрдү.
Забулдун губернатору Хиял Мухаммеддин билдиришинче, кагышуу провинциянын борбору Калат шаарчасынан 15 чакырымдай батыштагы Девлак кыштагында болгон.