Дарыгерлер АКШнын мурдакы президенти Билл Клинтондун саламаттыгы жүрөгүнө жасалган операциядан кийин ырааттуу калыбына келип жатканын билдиришти.
58 жаштагы Клинтон өткөн жума күнү көкүрөгү кысылгандан улам дем алуусу кыйындап калганын айтып арыздангандан кийин операцияга жаткырылган эле.
Операцияны жетектеген Крейг Смиттин билдиришинче, Клинтон ооруканадан төрт же беш күндөн кийин чыгып кетсе болот. Мындай операциядан эки–үч ай өткөндөн кийин пациент “100 процент” калыбына келет деп кошумчалады доктор Смит.